Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: алтымыш үч Мозговой придаток yüklemek ЛАЗГОТАТЬ çevriliş Мата даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт. %D0%BA%D0%B0%D1%80%D1%83%D1%83%D0%BB%D0%B0- Эффективный önlem кинофестиваль двойка недоимщик Биз кайсы жердебиз? АРКАР лак сиркелүү
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Железа белковая
     

    Железа белковая

     
    (анат.) белоктук без; жумуртканын агын чыгаруучу без, жыныстык бездердин кошумча бир бези. Ж. вилочковая — к. Вилочковая железа. ж. Гермафродитная (анат.) — кызтекелик без, аталык жана энелик клеткаларды жаратуучу без; ж. Глазная (анат.) — көз бези, сөөлжансымак айбандардын баш жагында болот; ж. Гроздевидная (морф.) — тобурчаксымак без, түзүлүшү тобурчакка окшош без; ж. грудная — к. ж. молочная; ж. зобная — к. Вилочковая железа; ж. лимфатическая (анат.) — лимфа бези, тикен терилүү деңиз жандыктарынын амебоцит клеткаларын жаратуучу без; ж. Молочная (анат.) — сүт бези, желиндүү айбандардын сүт жаратуучу бези, желин; ж. ножная (анат.) — бут бези, сууда жашоочу кээ бир үлүлдөрдүн бутундагы без, былжыр чыгарат; ж. паращитовидная — к. Железы околощитовидные; ж. паутинная (анат.) — желе бези, жөргөмүштүн желесинин суюктугун чыгаруучу без; ж. поджелудочная (анат.) — уйку бези, желиндүү айбандардын айланчык (үч таман) ичегисинин жанында жаткан, тамак эритүүчү ферменттерди жана бөтөнчө гормон, инсулин жаратуучу без; ж. предстательная (анат.) — простата бези, желиндүүлөр классындагы эркек айбандардын бездеринин бири; ж. преутеральная (анат.) — жатын алдындагы без, жумуру мите курттардын жыныс органдарына жакын жаткан бир бези; ж. Синусная (анат.) — синус бези, крабдын ички секрециялык органдарынын бирөө; ж. Скорлуповая (анат.) — кабык бези, жумуртканын кабыгы болуучу затты чыгаруучу без, ж. Хвостовая (анат.) — куйрук бези, жумуру мите курттардын, мисалы, аденофореялардын куйругунун учундагы бездер, ж. цементная (анат.) — цементтик без, пипа бакаларынын көнөкпаштарын бир жерге жабыштырып туруучу орган; ж. шейная (анат.) — моюн бези, жумуру мите курттардын моюн жагында жаткан без, ж. щитовидная (анат.) — калкансымак без; желиндүү айбандардын мууздоосунун үстүндө жаткан, гормон жаратуучу без; ж. клетки (цит.) — без клеткалары, бездерди түзүүчү клеткалар, бездердин функциясына жараша клеткалардын формалары да ар кандай болот; ж. орган (анат. ) — безден турган орган, без клеткаларынан жаралган орган.


    Хотите добавить свой перевод для слово: "Железа белковая"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru